Өмүркул Жакишев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби Чуйская область, Ысык-Атинский район, с.Уч-Эмчек

Биз жөнүндө

Ө.Жакишев атындагы жалпы билим беруу орто мектебинин тарыхы

Мектеп 2018-жылдын август айында ачылган. Негизги багыт эстетика болгон. Мектептин астында гитарада, фортепианодо ойноо сабактары ѳтүлгѳн музыкалык студия түзүлгѳн. Мектеп окуу-тарбия комплекси статусунда 20018-жылдан бери иштеп келе жатат. Мектеп бирэки тилдүү, окутуунун параллелдүү тилдери менен жалпы мектептик конференциясында кабыл алынган Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат.  МГ ОТКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн диний эмес мүнѳздүүлүгүнүн, демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Ө.Жакишев атындагы жалпы билим беруу орто мектебинин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Ө.Жакишев атындагы жалпы билим беруу орто мектебинин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»